Телевизор уурдагандардын кылыгы соцтармакты күлкүгө салды. Видео

Жазылуу
Бразилияда болгон окуянын видеосу социалдык тармакта тездик менен тарап жатат. Кылмышкерлер кеңселердин бириндеги баалуу телевизорду уурдаганга аракет кылышкан.

Окуя кандай болгону көзөмөл камерасына тартылып калган. Аны жергиликтүү ЖМКлар жарыялашкан.

Унаанын терезесин сындырып жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте машинадан 8 миң доллар уурдалды. Шектүүдөн курал-жарак табылды
Видеодон үч ууру кеңсенин айнек эшигин талкалап кирип, дубалда илинип турган телевизорду алып кетүүгө аракет кылганын көрүүгө болот. Бирок телевизор дубалга бекем тагылгандыктан аны чыгара албай көпкө убара болушкан.

Бирөө эшикти таппай айнек дубалды сүзсө, экинчиси жардам берүү үчүн кирип келе жатып, чалынып жыгылган. Аягында дубалдагы телевизорду эптеп чыгарышканы менен аны алып кетпей калтырып, окуя болгон жерден шашып кетип калышкан.

The Daily Mail басылмасынын жазышынча, окуя Рибейран-Прету провинциясында кыймылсыз мүлк менен иштеген агенттиктин кеңсесинде 8-декабрда кечинде болгон.

Видеого комментарий жазгандардын көбү кеңсенин ээси ууруларды кечирип, алардын камеди-шоуга тартылуусу керектигин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0