Эр экен! Энеси экөөнү койдуруп кеткен айдоочуга айбат көрсөткөн бала. Видео

Жазылуу
Кытайда кичинекей бала апасы экөөнү жөө адамдар өтчү чийинден койдуруп кеткен айдоочуга жинденип, чоң кишиче айбат көрсөттү.

Окуя көзөмөл камерасына түшүп калган. Аны өзүнүн YouTube баракчасына South China Morning Post гезити жарыялады.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 4-декабрь күнү Чунцине шаарында болгон. Жол чийинден өтүп бара жаткан энеси менен уулун Nissan X-Trail үлгүсүндөгү автоунаа койдуруп кеткен. Бала дароо апасын тургузганга аракет кылып, андан соң автону көздөй чуркап барып аны бир тээп калат.

Айдоочу күнөөсүн мойнуна алып, ооруканага кеткен чыгымдардын баарын өзү толтуруп бермей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0