17:28 25 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Видео

Шаардык милициянын бөлүм башчысын пара менен кармоо учуру. Видео

Кыскача шилтеме алуу
383 0 0

12-декабрда тергөө-ыкчам аракеттерин жүргүзүү учурунда Бишкек ШИИБдин жол кырсыктарын иликтеген бөлүмдүн башчысын кармап, иш бөлмөсүнөн мурда берилген 30 миң сом параны табышкан.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Бишкек ШИИБдин жол кырсыктарын иликтеген бөлүмдүн башчысын пара менен кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, О.М. аттуу жаран Финполго кайрылып, Бишкек ШИИБдин жол кырсыктарын иликтеген бөлүмдүн башчысы К.М. жана тергөөчү Р.И. кызмат абалынан пайдаланып, жөө адамды сүзүп кеткен ишти сотко чейинки тергөөгө жеткирбей бүтүрүп беребиз деп миң доллар талап кылганын айткан.

"Буга чейин арыз менен кайрылган жаран жаракат алган тараптын бардык материалдык жана моралдык чыгымдарын төлөп берген. Жабырлануучу тарап тосмо арыз жазган. Бирок ШИИБдин кызматкерлери жаранды ишти сотко жиберебиз деп опузалап, айып короого токтотулган автоунааны берүүдөн баш тартышкан", — деп айтылат маалыматта.

12-декабрда тергөө-ыкчам аракеттерин жүргүзүү учурунда Бишкек ШИИБдин жол кырсыктарын иликтеген бөлүмдүн башчысын кармап, иш бөлмөсүнөн мурда берилген 30 миң сом параны табышкан.

Учурда кармалган жаран баш коргоо чарасы тандалганга чейин Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тема боюнча

Бишкекте жол кырсыктарын тергеген жетекчи пара алып кармалды
Схема түзүшкөн. Экотехинспекциянын өкүлдөрү пара менен кармалды
Тендерди утасың деп 3 млн. сом алды делген сот департаментинин өкүлү кармалды
Белгилер:
видео, пара, милиция

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ