Башын талкалап чайнап салды. Кашкулак менен жыландын кармашы видеодо

Жазылуу
Интернет айдыңына кашкулакты капшыра ороп алган ири жыландын кантип кайра ага жем болуп калганы тартылган видео тарады. Алгач бир нече кулач болгон питон акырындап аны ороп алып, жутканга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Видео YouTube каналына жайгаштырылган.

На видео попала схватка двух опаснейших змей из-за самки - Sputnik Кыргызстан
Ургаачысын талашкан эки жыландын айыгышкан кармашы. Видео
Ал арада жыланга кол салууга даап-даабай чөө пайда болуп, тегерегинде ары-бери жойлоп жүрөт. Кайсы бир учурда бул жаныбар жыланды тиштеп, кашкулактын ажалдан кутулуусуна жардамчы болгон. Эми тескерисинче болуп, жылан курмандыкка айланган.

Анткен менен кашкулак бошонгондон кийин окуя башкача өңүттө өнүккөн. Пайда болгон экинчи чөө кашкулакка кол салып, бир кулач жыландын денеси талашка түшкөн. Тагыраагы, чөөнүн бири кашкулакка кол сала баштаган.

Окуянын аягы жыландын өлүмү жана эки чөөнүн куру кол кетиши менен аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0