Ич кийимчен киши автоунаасын айлана чуркап… Пермдеги күлкүлүү видео

Жазылуу
Бул роликти көргөндөр баарына күлөт: айдоочусу жок туруп тегерене берген Lada Priora, карда чуркаган кожоюн, ээсиз автоунаадан айланып өткөн айдоочулар...

Уй айтап бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уйду мотоциклге өңөрүп алган пакистандык элди күлкүгө салды. Видео
Окуя Россиянын Пермь шаарында болгон. Кадрдан Lada Priora автоунаанын бир эле жерде айдоочусу жок тегеренип жаткандыгын көрүүгө болот. Кызыгы, башка темир тулпарларды сүзгөнү менен мыйрыйтып кеткен эмес. Айланадагылар, жөн кишилер да, айдоочулар да "ээнбаш" автоунааны токтото албай коюшкан. Окуя ортолоп калганда көп кабаттуу үйлөрдөн ич кийимчен киши чуркап чыккан. ЖМКлар ал темир тулпардын кожоюну деп божомолдошту.

Ээсинин машинаны тээп да, чаап да, бирок токтото албай жаткандыгын көрүүгө болот. Бир учурда автомашина жылып бара жатып токтоп калгандан кийин окуя аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0