"Норманд форматы" Россия-Украина алакасын жылытты

Жазылуу
Парижде "Норманддык төрттүк" жолугушуусу өтүп, кыязы, муз ордунан жылды окшойт. Россия, Франция, Германия жана Украина лидерлери Минск макулдашуусун кыйшаюусуз аткарууга милдеттенме алышты.

Жакын арада Украинанын түштүк-чыгышында сынамык үч жайда тараптардын күчтөрү эки жакка ажыратылат. Иш андан ары уланат. "Норманд форматындагы" жолугушуу беш жарым саатка созулду. Алардын бир жарым сааты Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүсүнө кетти. Россия менен Украина президенттери Францияда биринчи ирет жолукту. Эки жетекчи ага чейин телефондон эле сүйлөшүп келишкен. Путин тараптардын мамилесинин жылыганы туурасында айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0