Антилопага кол салган гепарддардын тобу музоосуна тийген жок. Видео

Жазылуу
Кениядагы Масаи-Мара улуттук паркынын туристтери гепарддардын антилопага кол салып, бирок анын баласын аман койгон учурун видеого тартып алышты.

Тасма жаратылыш коругунун YouTube-каналына жүктөлгөн.

Роликтин авторлорунун айтымында, антилопа баласы менен сейилдеп жүрүп гепарддардын аймагына кантип келип калганын байкабай калган.

Жырткычтар ага чейин доңуз жешкен. Беш гепард жаңы олжосуна көз ачып-жумгуча жетип, ар тараптан кол сала башташкан. Кызыгы, антилопанын баласына тийишкен эмес.

"Биз гепарддар антилопанын баласын кубалап баратат деп ойлогонбуз. Тескерисинче, энесине кол салышты", — деп жазган видеонун автору.

Интернет айдыңына крокодилдин азуусунан кутулуп кеткен антилопанын видеосу да жүктөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0