16:51 25 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Видео

Райым Матраимов: Али Токтакунов менен Ширин Айтматованы сотко бердим. Видео

Кыскача шилтеме алуу
3619 0 0

Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райым Матраимовдун аты өлкөдөн 700 миллион доллардын чыгарылышы боюнча жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөдө аталат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына суракка кирип чыккан Райым Матраимов журналист Али Токтакунов менен экс-депутат Ширин Айтматованы сотко бергенин билдирди.

Кабарчылардын суроосуна жооп берип жаткан видеосу KyrgyzToday.KG сайтында жарыяланды.

Матраимов сурак учурунда эч кандай басым болбогонун, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эмне сөз болгонун айта албай турганын белгиледи.

"700 миллион доллар эмес 7 тыйынына тиешем жок. Журналисттик иликтөөдө айтылгандардын баары жалган жалаа. Айэркен Саймаитини тааныбайм, эч кандай мамилем болгон эмес. Ушу тапта жалган жазган, менин аброюма шек келтирген Али Токтакунов менен Ширин Айтматованы жана башка журналисттерди сотко бердим. Ал эми "Азаттык" эл аралык радио болгондуктан биз дагы эл аралык деңгээлде сотко берүүгө даярданып жатабыз", — деди Матраимов.

Ал август айынан бери чет өлкөдө бизнес менен алек болуп келгенин белгилеп, журналисттик иликтөөдөгү айтылгандардын такталып аныкталышына өзү да кызыкдар экенин кошумчалады.

Окуянын чоо-жайы 

2019-жылдын ноябрь айынын аягында Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Анда бир тууган Матраимовдор, атап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун ишкер Хабибула Абдукадыр менен иш кылганы баяндалат. Материал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Саймаити бир нече жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кеткенин айтып берген. Ишкер өлөр алдында журналисттерге коррупциялык схемалар тууралуу билдирип, аларды далилдей турчу документтердин көбүн берип, айрымына үлгүрбөй калган.

25-ноябрда Бишкек менен Каракол шаарында коррупцияга каршы митинг өтүп, уюштуруучулар Райым Матраимовдун кармалышын талап кылышкан.

Тема боюнча

700 млн. доллардын чыгарылышы. Суракка кимдер келип, кимдер келе элек
УКМКга сурак берүүгө кирип бара жаткан Райым Матраимов. Сүрөт
Райым Матраимов УКМКдан чыкты. Сүрөт, видео
"Матраимов СИЗОдо". Sputnik агенттигинин аты менен фейк жаңылык таратылууда
Белгилер:
кылмыш, сот, коррупция, журналист, Райымбек Матраимов

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ