Бишкекте айдоочу чаламандын чак түшүндө асманга ок атты. Видео

Жазылуу
Окуя бүгүн саат 13.42де Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Түштүк магистралдын кесилишинде болду. Шаардык милиция видеодогу кишилерди издеп жатат.

Бишкекте чак түштө айдоочу абага ок атты.

ЖКККББнын тескөөчүсү Узакбек Шергазиев  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шергазиев: автоинспектор мыйзам бузуп качкандарды кууп, дөңгөлөккө атканга укуктуу
Мындай видео социалдык тармактарда тарады. Автордун айтымында, окуя бүгүн саат 13.42де Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Түштүк магистралдын кесилишинде болду.

Кадрларда көрүнүп тургандай, Toyota Camry үлгүсүндөгү кызыл түстөгү автоунаа катуу келе жатып, бурулган жерден ылдамдыгын жайлатат. Ошол маалда артынан келе жаткан ошол эле үлгүдөгү ак түстүү машинанын айдоочусу ачык айнектен курал алып чыгып, асманга атат.

Бул учур башка автоунаанын видеокаттагычына түшүп калган.

Шаардык милициядан билдиришкендей, видео иликтенип, учурда андагы кишилер изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0