Кыргызстандык "Танк" атаандашын ай-буйга келтирбей жеңип алды. Москвадагы видео

Жазылуу
Дем алыш күнү, 1-декабрда, Москвада аралаш мушташ боюнча турнир өтүп, ага Кыргызстандын атынан төрт мушкер катышты. Жеңишти "Танк" каймана атын алып жүргөн Жыргалбек Чомонов гана камсыздай алды.

Октагонго чыккан кыргызстандык Нурсултан Абдурасул уулу тажикстандык Мурид Жонмирзоев менен кармашып, экинчи раундда жеңилип калды.

Андан кийин Нуртилек Табалды уулу менен ирандык Бахтияр Али-Реза беттешти. Кыргыз мушкери октагонго чыгары менен чабуулга өтүп, активдүүлүгүн көрсөтүп баштаган, бирок атаандашынын муунтуу ыкмасына багынууга аргасыз болду.

Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тайсон" кайрадан намыска жарады. Казакстандагы мелдештен видео
Дагы бир кыргызстандык Руслан Баядалиев азербайжандык Фуад Гусейнов менен кез келген. Атаандашы аны алаага тээп алганда, бир аз тыным алып кайрадан беттешин уланткан. Жыйынтыгында калыстар жеңишти Азербайжан спортчусуна ыйгарды.

Кыргызстандык мушкерлердин арасынан акыркы болуп "Танк" каймана атын алып жүргөн  Жыргалбек Чомонов (100 килограммдан жогору) чыгып, россиялык Иван Арацкий менен беттешти. "Танк" атаандашынын башына биринин артынан экинчи сокку уруп, техникалык нокаут менен жеңишин камсыздады.

Москвадагы FMR Fighting Championship FFC турнирине Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Азербайжан, Грузия, Иран жана Афганистандан барган спортчулар катышты. Мелдешти Россиянын Мигранттар федерациясы уюштурган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0