Трамп "Талибан" АКШ менен кепке келүүгө умтулганын айтты. Видео

Жазылуу
АКШ президенти Дональд Трамп Афганистанга жасаган сапарынын учурунда "Талибан" кыймылы штаттар менен тынчтык келишимине кол коюуга ынтызар экендиги тууралуу билдирүү жасаган.

Трамп афганистандык кесиптеши Ашраф Гани менен жолугуп, аталган аймакта жайгашкан америкалык аскерлерди жакындар арасындагы майрам — Ыраазычылык күнү менен куттуктады. Жолугушуу учурунда Трамп Афганистандагы америкалык аскерлердин санын кыскартуу ниетинде экендигин айткан.

"Талибан" биз менен кепке келип, келишим түзгөнгө умтулууда. Ага ниети бар-жогун карап көрөбүз. Бул кадимкидей, чын эле келишим болушу шарт. Биз мыкты иштеп жаткандыктан сөз бекители деп жатышат. Андыктан америкалык жана афганистандык аскерлерге ыраазычылык билдирем", — деген Трамп.

Буга чейин АКШ менен талибдер дээрлик кеп-сөзгө келип калган, бирок Трамп "Талибандар" жасаган кезектеги терактыдан кийин сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0