Ажалы жок экен! Эки фуранын ортосунан өтө качкан автоунаанын видеосу

Жазылуу
Катуу бараткан жеңил унаа өтүп кеткенден кийин жүк ташуучу машинанын биринин дөңгөлөгү ыргып кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу көлүгүн токтото албай калган.

YouTube каналына жеңил автоунаанын айдоочусу эки фуранын ортосунан өтүп кеткен видео жарыяланды. Кооптуу ирмем күбөнүн каттагычына түшүп калган.

Последствия ДТП на трассе Бишкек — Ош. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жол кырсыгы көп болгон аймактары. Жүрөк ооруткан графика
Тасмада ак түстөгү автокөлүк катуу баратып, эки фуранын ортосунан өтө качканы, чоң машиналардын бири ошол маалда экинчисине жакындап бара жатканы көрүнүп турат. Көз ирмемден кийин ал фуранын дөңгөлөгү ыргып кеткен.

"Российская газета" басылмасынын жазганына таянып "Звезда" телеканалы жеңил унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жаткандыктан дароо машинасын токтото албай калганын болжолдогон. Артын карабай кеткен айдоочу белгисиз бойдон калды, ал эми жабырлануучулар тууралуу маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0