20:53 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Видео

Бишкек көчөсүндөгү Aurus жана Maybach. Конок президенттер эмне минип жүрөт. Видео

Кыскача шилтеме алуу
Бишкектеги ЖККУ саммити (37)
7279 0 0
© Пресс-служба президента КР , пресс-служба правительства КР

Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттери тар чөйрөдө жолугуп, эл аралык жана аймактардын ортосундагы коопсуздук көйгөйлөрүн талкуулашты.

Кыргызстанды кошпогондо бүгүн Бишкекте төрт мамлекеттин — Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстан президенттери менен Армениянын премьер-министри жүрөт. Алар ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына келишти. Жолугушуу мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүүдө.

Россия президенти Владимир Путин бүгүн эртең менен, 28-ноябрда, Жамааттык коопсуздук  келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн келди.
© Пресс-служба президента КР
Иш-чарага Кыргызстандын жетекчиси Сооронбай Жээнбеков, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Россия лидери Владимир Путин, Тажикстан башчысы Эмомали Рахмон жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышууда.

Sputnik Кыргызстан Бишкекке келген жогорку даражалуу коноктор кандай автоунаа менен жүргөндүгүн дагы бир ирет көрсөтмөкчү. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев аэропорттон өзүнүн Mercedes-Maybach S600 автоунаасы менен чыкты. Ал ШКУнун жыйынына да дал ушул автокөлүгү менен келген эле. Ал эми Россия лидери Владимир Путин Кыргызстанга адаттагыдай эле өзүнүн 18 миллион долларлык, сооттолгон Aurus лимузинин ала келген.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду жана анын кесиптештерин, Белоруссия, Тажикстан президенттери менен Армениянын өкмөт башчысын, Mercedes-Benz W222 ташыды. Автокөлүктөрдү президент менен өкмөттүн иш башкармалыгы берген.

Тема:
Бишкектеги ЖККУ саммити (37)

Тема боюнча

Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгы. Аткарган иштердин жыйынтыгы чыкты
Россия Кыргызстандан ЖККУдагы төрагалыкты өткөрүп алды
Биринен бири өтөт! Президенттердин Бишкекке түшүп келген учактары сүрөттө
Белгилер:
авто, лимузин, ЖККУ, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ