Бишкектеги маанилүү иш-чара кандай өттү. ЖККУ саммитинин видеосу

Жазылуу
Бүгүн Бишкекте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы өттү. Жыйындын жүрүшүн Sputnik Кыргызстан тарткан кыскача видеодон көрүңүз. Саммитти 6 мамлекеттин 265 медиа өкүлү чагылдырды.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын лидерлери чогулду. Өлкө башчылары тар чөйрөдө, андан соң кеңири форматта эл аралык жана аймактардын ортосундагы коопсуздук көйгөйлөрүн талкуулашты. Жолугушуу айтылган убактан көпкө созулду.

Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Чечинип келе жаткан Токаев, ынтаасын койгон Пашинян. ЖККУ саммитинен 17 ирмем
Саммиттин жыйынтыгы менен 15 документке кол коюлду. Маанилүү чечимдердин бири Тажикстан менен Афганистандын чек арасындагы абалды жөнгө салуу болду.

Кыргызстанды ЖККУга ийгиликтүү төрагалык кылышы менен куттукташты. Эми башчылык милдет Россияга өттү.

Мындан тышкары, мамлекет башчылары ЖККУнун башкы катчысы кылып Станислав Засты дайындады. Ал кызматына 2020-жылдын 1-январынан тарта киришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0