Бишкектик студенттер Сергей Лавровго суроо жаадырды. Видео

Жазылуу
Дипломатиялык академиянын студенттеринин бири Россиянын ТИМ жетекчисине башкалардан кезек тийбей, суроо бере албай жаткандыгын дипломаттын өзүнө айтып да жиберди. Ага кезек келгенде муну "жылдыздуу сааты" деп атады.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бишкектик студенттер менен жолугуп, пикир алышты. Алар дүйнөдөгү эң тажрыйбалуу дипломаттан сүрдөп тартынган жок. Белгилүү дипломатка курч, ар кыл жагдайды камтыган, кээде жарга такаган суроолор берилди.

Маселен, бир студент Кытайдын "Бир алкак – бир жол" демилгеси Россияда эмнеге кеңири колдоого алынбай калды деген суроо узатты.

"Жообун мурда эле билгенсип суроо бересиз да. Мен "Бир алкак – бир жол" демилгеси Россияда кеңири колдоого алынган жок деген тыянак жасабайт элем. Мындай демилгени карап жатканда Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсү боюнча тапшырманы эске алуу биз үчүн маанилүү. Мисалы, биз темир жол жөн гана ээн жерден өтпөй, сиздердин өлкөнүн элин бири-бири менен абдан тыгыз байланыштырышы керек деп эсептейбиз", — деген жооп узатты Лавров.

Дагы бир кыз РФтин ТИМ башчысына суроо бергенге кезек жетпей жаткандыгын айтып, арызданып да жиберди. Жылмайган Лавров анын суроосун да укту. Болочоктогу дипломат муну "жылдыздуу сааты" катары баалып, Батыш менен Россия санкциялары боюнча собол узатты.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сергей Лавров РФтин Кыргызстанга берген каражаты тууралуу маалымат берди
"Бул жакшы эмес жагдайды чече турган эң эле жакшы ыкма — империялык кызыктай, өзүнүн эркин башкаларга таңуулаган өткөн кылымдык адаттардан арылуу керек. Анан баарына сот боло берем дегенден баш тартуу кажет. Өзүңүздөр билгендей, санкция Украина шылтоосу менен салынган. Биздин батыштагы кесиптештер "Украина менен бир нерсе кылгыла, Минск менен келишимиңерди аткаргыла, ошондо гана кубанып, канааттанып санкцияны алып салабыз" дешет. Биз Минск келишимин аткара албайбыз, себеби анда Россиянын аты да аталган эмес", — деди Лавров.

Бул жолугушууда ТИМ башчысына Кыргызстандын Дипломатиялык академиясынын ардактуу профессору наамы ыйгарылды. Ал эми аталган окуу жайдын ректору Чынара Адамкулова Лавровго мантия кийгизип, шахмат белек кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0