Шумдук! Мексикалык дарбазачынын күүлөнүп тепкен тобу дароо гол болуп кирди

Жазылуу
"Чивас Гвадалахара" клубунун дарбазачысы Хосе Антонио Родригестин Мексика чемпионатынын алкагындагы голу оюндун урунттуу учурларынын бири болуп калды.

Чемпионат Франции по футболу. ПСЖ — Лилль - Sputnik Кыргызстан
Футболчу Неймар үч атаандашын алдап, укмуштуудай пас берди. Видео
Мексиканын 19-чемпионатында "Чивас Гвадалахара" менен "Веракрус" футбол клубдары беттешкен. Таң калыштуу голдун видеосу мексикалык клубдун Youtube каналына жүктөлдү.

Оюндун акыркы мүнөттөрүндө "Веракрус" 1:2 эсеби менен утулуп жаткан. Кошумча убакыт берилгенде каршылаш тараптын дарбазачысы Родригес да командасына чоң жардам берди. Ал күүлөнүп тепкенде топ атаандаштын дарбазасына гол болуп кирип кеткен. Натыйжада "Чивас Гвадалахара" клубу 3:1 эсеби менен жеңүүчү болду.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0