Жол эрежесин бузба! Айланма трасса аркылуу Бишкекке кирүү тартиби. Видео

Жазылуу
ЖКККББнын Чүй облусу боюнча башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Ниязалиев айланма трассадагы жол эрежелерин түшүндүрүп берди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Жол эрежесин бузба" долбоору башталды. Максат — жолдогу кырсыктарды алдын алуу, коопсуздукту камсыздоо жана жол эрежелерин айдоочулардын эсине салуу.

ЖКККББнын Чүй облусу боюнча башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Ниязалиев Бишкек — Торугарт унаа жолунун айланма трассасынан борбор калаага кирип келе жаткан жерлерди көрсөтүп, ал жактагы жол эрежелерин түшүндүрүп берди.

Автоинспектор алгач ГЭС-5 аймагынын тушундагы айлампа жолдогу эрежелерди айтты. Анткени бул аймак — Бишкек шаарына кире турган биринчи жер.

"ГЭС-5 аймагынын тушундагы айлампага күн чыгыш — Токмок тараптан же күн батыш — "Дордой" базары жактан келе жаткан айдоочулар эч кимге жол бошотпой эле түптүз кирет. Тагыраагы, алардыкы негизги жол болуп эсептелет. Ал эми Лебединовка жана ГЭС-5 аймактарынан келе жаткандар жол бошотуп бериши зарыл", — деди Ниязалиев.

Бирок жакында эл аралык трассада жайгашкан айлампадагы эрежелер шаар ичиндеги айлампалардыкындай өзгөрүшү ыктымал экенин автоинспектор кошумчалады.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт жол эрежесин бузганда салынган айыптын жогору экенин моюндады
"Жакында өкмөттүн токтомунун негизинде ЕАЭБдин талабына ылайык, эки айлампа жолдогу эреже өзгөрүшү ыктымал. Анда айлампанын ичиндеги автоунаалардыкы негизги жол болуп, ал эми ага кире турган автомашиналар жол бериши керек болуп калат. Эгер айланма трассага мындай эреже киргизе турган болсок, жол тыгыны көбөйүшү мүмкүн. Анткени оор жүк ташуучу автоунаалар токтоп, кайра от алып жүрүп кеткиче бир топ убакыт өтөт. Азыр андай жол тыгыны жок. Бул эки жердеги жол эрежелерин азыркыдай калтыруу боюнча өкмөткө сунуш киргиздик. Азырынча жооп ала элекпиз", — деди Ниязалиев.

ГЭС-5 аймагынын тушундагы айлампадан сырткары айдоочулар Бишкекке Курманжан датка көчөсү аркылуу кирсе да болот. Ал жерде жол чырак бар. Ошондой эле "Дордой" базарынын тушунда шаарга кире турган дагы эки жер бар. Бири — базардын так тушунда жайгашса, экинчиси — Ак-Бата жаңы конушунун бет маңдайындагы көчө.

Калаага кире турган экинчи айлампа Маевка аймагынын кире беришинен орун алган. Автоинспектордун айтымында, ал жердеги эреже деле ГЭС-5 аймагынын тушундагы айлампаныкындай.

"Бул жерде Жаш Гвардия проспектиси жана Бишкек эркин экономикалык аймагы тараптан келе жатканда "жол бер" деген белгилер турат. Анда айдоочулар күн батыш жана күн чыгыш тараптан келе жаткан унааларга жол бошотот. Бирок ЕАЭБдин талаптары боюнча, бул айлампада да жол эрежеси шаар ичиндеги айлампалардыкындай өзгөрүшү ыктымал", — деди Ниязалиев.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын көчөдө кызмат кылып жаткан өкүлдөрү менен түз эфир жасаган. Алар журналисттин суроолоруна жооп берип, жол белгилерин канчалык деңгээлде билерин көрсөтүшкөн.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0