Бразилиялык бийчилер так секирип жатканда сахна түшүп кетти. Видео

Жазылуу
Сандра Годой академиясынын бий тобу өнөрүн тартуулап жаткан кезде Бразилиянын Сан Паулу шаарындагы Амиркана муниципалдык театрынын сахнасы түшүп кетти.

Жергиликтүү ЖМКлардын билдиришинче, окуя өткөн жумада болгон.

Кадрдан балеттик спектакль соңуна чыккандан кийин 30га чукул бийчи сахнанын ортосуна келип, бири-бирин кучактап секирип жаткан кезде пол түшүп кеткенин көрүүгө болот.

Анын кесепетинен беш адам жабыркап, ооруканага түшкөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0