Ушундай да болот экен. Күрөш боюнча беттеште калыс нокаутка кетти. Видео

Жазылуу
Өткөн дем алыш күндөрү Испанияда эч ким күтпөгөн окуя болду. Канар күрөшү боюнча мелдеште спортчулардын бири эмес, калыс нокаутка кетти.

Мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыгылып баратып бир тээп... ММА мушкеринин өзгөчө нокаут менен жеңген видеосу
Radio Marca Tenerife сайтынын билдиргенине караганда, Энджи Мелиан аттуу калыс Тихарафе Гуанче менен Верфи Равелонун беттешин тескеп жаткан. Экөө кармаша кеткен маалда калыс аларга жакын келе калып, биринин буту катуу тийген. Видеодон көрүнүп тургандай, Мелиан жерге сулк кулайт.

Беттеш андан ары уланды. Бирок калыстык кылуу үчүн аянтка реферинин жардамчысы чыкты. Ал эми Мелиандын жаагы сынып кеткени айтылды.

Канар күрөшү — Канар архипелагынын тургундары үчүн салтка айланган спорттун түрү.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0