Кайгырган кыздар, ызырынган жигиттер. Футбол күйөрмандарынын эмоциясы видеодо

Жазылуу
Япония менен Кыргызстандын футболдук беттеши эски аянтта уюштурулган фан-зонада көрсөтүлдү. Бул жерге стадиондон көрүүгө билет ала албай калгандар келишкен. Анткени билеттер күн мурунтан эле сатылып бүткөн.

Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Япониянын жеңишинен кийин F группасында кандай өзгөрүү болду? Таблица
Күйөрмандар экрандан көргөнүнө карабай, оюнчуларды аябай колдоп-сүрөп турушту. Фан-зонага 500гө чукул адам чогулуп, ак шумкарлардын жеңишин күтүп жатышты. Улуттук команда ишеничти актоого бар күчүн жумшады. Бирок оюн Япониянын пайдасына чечилип, 2:0 эсеби менен аяктады. Япониялыктар биринчи голду пенальтиден камсыздаса, экинчисин айып топтон пайдаланып киргизүүгө жетишти.

Япониянын бул жеңиши командалардын тайпалык баскычын өзгөртпөйт. Аталган өлкө лидер болсо, Кыргызстан менен Тажикстан экинчи сапта турат. Кыргызстан экинчи орунда калат, себеби Тажикстан бүгүн Мьянмага 4:3 эсебинде жеңилди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0