Базардагы эл менен Ак үйдөгү аткаминерлерге кандай жардам керек? Видео

Жазылуу
Бүгүн, 13-ноябрь — Жакшылык кылуунун дүйнөлүк күнү. Бул майрам 2000-жылы Сингапурда негизделген. Максаты — адамдарды бири-бирине жардам берүүгө жана жакшылык иштерди жасоого үндөө.

Бул күнгө карата Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы да карапайым элге, аткаминер, депутаттарга колунан келген жардамын берүүгө аракет кылды. Муну менен аз болсо да көпчүлүктүн көңүлүн көтөрүүнү максат кылдык.

Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Унчукпай пайда келтирүүнүн жолу. Аманат эстафетасы башталды
Сурамжылангандардын басымдуу бөлүгү алты саны аман, үй-бүлө, бала-чакасы тынч экенине каниет кылып эч кандай жардам керек эместигин айтты. Айрымдары жөн гана жылмайып саламдашуу да адамга жакшылык кылуу болуп саналарын белгилешти.

"Ош" базары тарапка барганыбызда таксист кардар керектигин айтты. Жолдун аркы бетине өтсөк, чоң чемоданы менен турган айымдар такси чакыра албай жатышкан экен. Аларды кардар сураган таксистке алып келип отургуздук. Ал эми улгайган апа менен амандашканыбызда телефон номерине баланс жүктөп берүүнү суранды.

Ал эми депутат, аткаминерлерге кайрылсак, аларга моралдык жактан колдоо керектигин айтышты. Көп сындабай, жакшы жактарын жазып туруу чоң жардам болорун белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0