Кызыл аянттан түз согушка аттанышкан... 1941-жылдагы парад эскерилди. Видео

Жазылуу
Москва шаарында Кызыл аянтта 1941-жылдын 7-ноябрында болгон параддын 78 жылдыгынын урматына карата салтанаттуу жүрүш уюштурулду.

Бул 1941-1945-жылдагы Улуу Ата мекендик согуш жылдарынан кийинки биринчи парад. Тарыхчылар ошол кездеги параддын күчү аскердик маанилүү операцияларга теңдеш экендигин айтып келишет.

Москва: параддын көркүн ачкан аскер кыздардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Москва: параддын көркүн ачкан аскер кыздардын видеосу
Марш өлкөнүн духун көтөрүүдө эбегейсиз зор роль ойногон. Иш-чараны Москва үчүн салгылашып жаткан абдан кыйын учурда өткөрүшкөн. Бир катар аскердик бөлүктөр параддан түз эле согуш талаасына жөнөтүлгөн. Ал учурда апаат борбор калаадан болгону ондогон чакырым алыстыкта жүрүп жаткан.

Салтанаттуу жүрүш учурунда таш төшөлгөн жолдон 4 миң киши басып өтсө, трибунадан 7 миңге чукул көрүүчү карап турган.

Ал эми ушул күндөрү өткөн параддын реконструкциялоо иштерине аскер кызматкерлери, офицерлер, кадеттер, суворовчулар жана алар менен кошо аскердик оркестр катышты. Бардык катышуучулар Улуу Ата мекендик согуш учурундагы аскерлердин формасы менен чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0