12:46 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.3471
  • RUB1.0986
Видео

Атам өрттү көздөй чуркады. Окуянын күбөлөрү Бишкектеги жарылуу жөнүндө айтып берди

Кыскача шилтеме алуу
Бишкектин чок ортосундагы жарылуу (24)
25799 0 0
© Sputnik / Асель Минбаева, Сергей Аладьев

Тез татым жайында өрт чыккан маалда эмне болгонун окуянын күбөлөрү айтып берди. Имаратта саат 13.40тар чамасында үч ирет жарылуу болуп, андан соң өрттөнө баштаган.

Кырсык болгон жерге жакын жерде жайгашкан сүрөт галереясында иштеген Кубат Орозалиев бул жайда көп тамактангандыктан, анда иштеген кыздар-балдарды тааныганын айтат.

"Саат 13.30дар чамасында бир нерсе жарылганы угулду. Биз автоунаа жарылып кетти го деп ошол тарапка чуркап бардык. Көрсө, тез татым өрттөнүп жатыптыр. Эл "балдар, балдар!" деп кыйкырып жатышты. Бирок имаратка 15 метрден жакын барууга мүмкүн болбой калыптыр", — деди ал.

Анын айтымында, шаар тургундары жаракат алгандарды тез жардам унаасы келгенге чейин эле өз автоунаалары менен ооруканага алып кетип жатышты.

Экинчи күбө Дастан Романов дагы имаратка кирүүгө мүмкүн болбогонун айтат.

"Биз эмне кыларыбызды билбей калдык. Денемди калтырак басты. Атам согушту көргөн киши дароо эле жардам берем деп чуркап кетти. Кишилер үстүндө кийими жок, эс-учун жоготуп, канжалап  жерде жатышты", — деди ал.

Кээ бирөөлөрдүн айтымына караганда, жалын атайын коюлган өрттөн улам чыгышы мүмкүн. Бирок бул жоромолду окуянын күбөлөрүнүн четке каккандыгын уктук.

"Жабыркагандар өрт этти кууруп, бышырган жерден чыккандыгын айтышты. Бирөө "өрт" деп кыйкырганда иштегендер тосмодон секирип чуркашкан. Алар менен кошо ичинде тамактанып жаткандар да сыртты көздөй атып чыккан. Милиционерлер каза болгон аял пол жууп иштегендигин айтышты. Ошол учурда муздаткыч тарапка кирип, чыкканга жетишпей калыптыр", — деп айтып берди окуяга күбө болгондордун бири.

Учурда расмий маалыматтарда 12 адамдын жабыркап, ал эми бир аял кишинин каза болгондугу айтылды. Жарадар болгондордун жетөө балдар.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.

Тема:
Бишкектин чок ортосундагы жарылуу (24)

Тема боюнча

Бишкек: жарылуудан каза болгон кыздын сөөгүн алып чыгып бараткан видео
Бишкек: тез татымдагы жарылуудан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
Абылгазиев тез татым жайындагы өрттүн себебин иликтөөнү тапшырды
Белгилер:
Өрт, жарылуу, кырсык, тез татым, Бишкек, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ