Алоолонгон жалын, эсин жоготкон кыз. Бишкектеги тез татымдын өрттөнгөн видеосу

Жазылуу
Бишкек шаарында 8-ноябрь күнү чак түштө Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде тез татым жарылды. Кырсыктан тамактануучу жайда иштеген кыз көз жумду.

Күбөлөрдүн айтымында, 13:40тар чамасында "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татымдан катуу үн чыгып, ал жактан кишилер чуркап чыгышкан

Взрыв фастфуда Антошка в центре Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: тез татым жайындагы жарылуудан каза болгон кыздын сөөгүн алып чыгышты. Сүрөт
Бишкек шаардык тез жардам кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметовдун айтымында, жабыркагандардын саны 12ге жеткен. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кырсыктан тамактануучу жайда иштеген кызматкердин көз жумганын кабарлады.

ӨКМ өрт саат 14.08де чектөөгө алынганын билдирди. Жеринде үч өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0