Зеленскийдин партиясындагы депутат экс-кесиптеши менен мушташта кетти. Видео

Жазылуу
Ляшко менен Герустун ортосундагы чыр Украина 1-октябрдан тарта кайрадан Россиядан электр кубатын импорт кылууну чечкенинен келип чыккан.

РЕН ТВ телеканалы Украинанын Жогорку Радасынын "Слуга народа" партиясынын депутаты Андрей Герус менен мурдагы парламент өкүлү, "Радикалдык партиянын" башчысы Олег Ляшконун мушташкан видеосун жарыялады.

Украинского депутата уложили на лопатки во время телеэфира. Видео драки - Sputnik Кыргызстан
Түз эфир маалында украиналык депутатты эксперт жерге көтөрүп чапты. Видео
Кадрлар Киевдеги "Борисполь" аба майданында тартылган. Герус Рададагы энергетика жана турак жай-коммуналдык чарба комитетин башкарат. Ляшко менен чыр 1-октябрдан тарта Украина Россиядан электр кубатын импорт кылууну чечкенинен келип чыккан.

Видеодо "Радикалдык партиянын" башчысы оппонентине кол салып, аны Россия менен иштешин сындап, аэропортто жүргөн расмий делегацияга жогорку кызматтагы адамдардагыдай шарттардын көрсөтүлүшүн мыйзамсыз деп атаган. Ляшко Украина Россиядан электр сатып алса, Герус түрмөгө камаларын айткан.

Украина Россиядан 2015-жылы электр энергиясын алууну токтоткон. Ал эми ушул жылдын сентябрь айында Жогорку Рада Россия жана Белоруссия менен эки тараптуу келишимдин негизинде электр энергиясын импорттоого уруксат берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0