Усубалиевдин аты Бишкектин бир районуна берилет. Президенттин сунушу видеодо

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналып, филармонияда өткөн иш-чарада анын ысымын Бишкектин бир районуна ыйгаруу керектигин белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстандын тарыхында кадырлуу жетекчинин бүтүндөй доорду камтыган өмүрү менен иши чоң орунду ээлейт.

"Улуу инсаныбыздын ысымын ыйгаруу боюнча мыйзамда белгиленген беш жылдык мөөнөт жакында аяктайт. Усубалиев өзү курган Күрп-Сай ГЭСине анын аты берилди. Мындан тышкары, Турдакун Усубалиев өзү майрамдык параддарды кабыл алып жүргөн өкмөт үйүнүн алдындагы эски аянтка жана Бишкек шаарынын райондорунун бирине анын ысымын ыйгарсак туура иш болот деп ойлойм", — деди ал.

Президент өз сөзүндө мэрия менен шаардык кеңеш бул сунушту карап чыгып тийиштүү чечим кабыл алат деп ишене турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0