Үлгү болду. Бээни кулуну менен токойдогу өрттөн куткарган айгырдын видеосу

Жазылуу
Калифорнияда өрттөнүп жаткан токойдон коопсуз жайга чыккан айгыр үйүрүн куткаруу үчүн кайра уюлгуган түтүндү көздөй чуркады.

RT телеканалынын билдиришинче, видео Сими-Аэлли шаарына жакын жердеги мал чарбасында жаныбарларды эвакуациялоо учурунда тартылган.

Дикий кабан с детенышем - Sputnik Кыргызстан
Полицияга жеткирбей аянтты аралап качкан каман. Казакстандагы видео
Кадрдан өрт өчүрүүчүлөр фермадагы малды чыгарып баратканын көрүүгө болот. Ошол учурда жылкылардын бири артка бурулуп, түтүн каптаган тарапка чуркап кирип кулунун ээрчитип келе жаткан бээни коштоп чыкты.

Куткаруу учурундагы видео социалдык тармактарга жайылып, аны заматта эле 11 миллион адам көргөн.

Калифорниянын токоюндагы өрттүн башталганына эки жума болду. Ал жактагы 30 миң тургун эвакуацияланды, штаттын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0