Шыйпаңдап, бурчка туруп. Тентек кылып ээсинен жеме уккан иттердин видеосу

Жазылуу
Бери дегенде эле жаздыкты тытып, дары-дармекти чачып, төшөктү тебелеп күнөөлүү болгон иттердин кожоюндарына кантип жалпаңдап, көңүлүн алууга аракет кылганын көрдүңүз беле.

Видео YouTube каналына жайгаштырылган. 

Собака. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнгөнүнөн так секирген ит интернет жылдызы болду. Видео
Акылдуу жаныбарлардын башын колтугуна катып алып, көзүнүн кыйыгы менен карап, ээсинин ар бир кыймылын жаза кетирбей байкап турган учурлары кадрга түшүп калган. Кээде жата калып куйругун шыйпаңдатса, кээде кожоюндун "каарынан" коркуп кадимки кичине бала сымал бурчта эки аяктап турганын көрүүгө болот.

Бул жагымдуу видеого иттердин, күчүктөрдүн жылмаюу тартуулаган учурлары топтолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0