Бишкектин Москва көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин. Асмандан тартылган видео

Жазылуу
Бүгүн, 31-октябрда, Бишкек мэриясы Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен тарта Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки оңдоодон өткөн бөлүгүн ачууну убадалады.

Биз жаңыланган борбордук көчөнүн асмандан көрүнүшүн тарттык.

Бишкектин жаңы салынган эң чоң көпүрөсү асмандан кандай көрүнөт. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин жаңы салынган эң чоң көпүрөсү асмандан кандай көрүнөт. Видео
Сентябрь айынан бери көчөнүн унаа өткөн бөлүгүнө жаңы асфальт төшөлүп, жол белгилери коюлуп, люктары оңдоло баштаган. Тротуарлары ремонттолгон эмес.

Москва көчөсү борбор калаанын чок ортосунан өткөндүктөн анын жабылышы менен бир катар ыңгайсыздыктар жаралып, башка жолдордо ири автотыгындар пайда болгон. Киев, Бөкөнбаев жана Токтогул көчөлөрү машиналарга жык толгон. Ошол себептен Токтогул көчөсүн убактылуу эки тараптуу кылуу чечими кабыл алынган. Эртеңден тарта жол тыгын азыраак болору күтүлүүдө.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0