Айтылуу Атай Огонбаевдин алгачкы видеосу табылды! Даңазалуу "Маш ботой"

Жазылуу
Кыргыздын таланттуу инсандарынын бири, комузчу, композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти Атай Огонбаев 1900-жылы 31-октябрда Талас облусунун Көк-Кашат айылында туулган.

Атасы Огонбай байдын малын кайтарса, энеси Күңөтай үйдө отун-суу алып, оокатын кечирип келген. Көп өтпөй, тагыраагы, Атай алтыга аяк басканда тоголок жетим калган. Бала атасынын агасы Султанаалынын колунда өсөт.

Керемет үндүү Муса Баетов: Кремлде аккан көз жаш, 47 жашта өчкөн өмүр
Ал көргөнүн эсине тутуп, укканын жаттап калган куйма кулак болуп чоңоёт. Султанаалы анын кийинки келечегине кам көрүп, кат таанытып, шыгынын өркүндөшүнө бир топ аракет кылган.

Жетим жүрүп жетилген Атайдын атагы алыска кеткен өтө эле таланттуу адам болорун алгач аңдашкан эместир.

Атай акырындап болсо да чыгармачылык менен алектенип, элдик ырларды созуп жүрөт. 1926-жылы атактуу акын Токтогул менен жолугушуу анын чыгармачылыгындагы бурулуш учурлардын бири болгон. Анын ырларын аткарып, деңгээлин өстүрөт.

Бир нече мезгилден кийин тунгуч чыгармасы — "О, жеңе" аттуу обонун жаратат, кийин бул ыр "Ой, булбул" деп аталат да көркөмдүк жагынан толукталат.

Атайдын ырчылык, обончулук даңкы "Күйдүм чок" ырынан кийин узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тарайт.

Атай ырларынын обону менен кошо сөздөрүн да өзү чыгарган. Бул таланттын тунгуч обондору Токтогул акындын таасиринен улам жаралгандыгын айтып келишет.

Профессионалдуулукка ташталган кадам

Атай Кыргыз драма театрына артисттикке кабыл алынган 1935-жылдан тарта ыр-күүлөрү менен гана эмес, адамгерчилиги, кишиге жугумдуулугу, тилинин шоктугу, сөздү бетке айткандыгы, куудулдугу менен да тааныла баштайт.

Комуз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боогачы Жакыпбек уулу — залкар лирик акын
1936-жылы Кыргыз филармониясы уюштурулуп, ал жакка которулат. Кесиптештери сымал эле жаңы уюшулган эл аспаптар оркестринде иштейт. Бир эле мезгилде ырчы, комузчу катары концерттерге катышат.

Атайдын тубаса шыгына оркестрдин жетекчиси, дирижер Пётр Шубин да таң берген.

"Атай нотаны билбейт, оркестрде музыканы угуу менен ойнойт. Аны менен машыгуу жеңил. Атайга өмүрүндө укпаган жаңы күү же ырды, обонун роялда ойноп берсем, ошол замат комузда кадимкидей аткара берчү", — деп эскерген Шубин.

Атайдын чыгармачылыгында "Эсимде" аттуу ыры өзгөчө орунду ээлейт. Бул азыр кыргыз классикасынын эң мыкты үлгүсүнө айланган.

Атай "Эпкиндүү шыңгырама", "Марш Камбаркан", "Маш ботой" күүлөрүн чыгарган. Бул доордун үнү, элдин шаңы, ар түркүн көркөм боёктордо салтанаттуу жүрүштөр сыпатталат.

Такай изденүүдө жүргөн Атай 1938-жылы чакан ансамбль уюштурууну чечет. Ал музыкалык угуму мыкты, комузда кол ойноткон жаштарды чогултат. Анын алгачкы шакирттери - Бейшеналы Кулболдиев, С. Айманбетов, Шекербек Шеркулов дагы бир топ таланттуу жаштар болгон. Атай буларга талыкпаган изденүүнүн аркасында "Маш ботой", "Кыз кербез", "Кара өзгөй" аттуу аткарууга оор, ыкмаларга, штрихтерге бай күүлөрдү үйрөтөт. Бул шакирттери менен бир топ концерттерге чыгып, ал тургай видеого жазылып калган ирмемдери бар.

Нурак Абдрахманов, жазылбай калган тарых, Нобель сыйлыгына көрсөтөбүз деген китеп
Атайдын көп жактуу таланты, өзү жетектеген ансамблдин чеберчилиги 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз өнөрүнүн биринчи декадасында борбордун угуучу-көрүүчүлөрүнө тартууланат.

Кийин да бир топ жылдар бою бул талант кыргыз элинин музыка казынасын байытууга өзүнүн опол тоодой салымын кошуп келди.

Атай Огонбаев 49 жашында дүйнө салган.

Маалыматтар музыка изилдөөчү Балбай Алагушевдин "Булбулдар" китебинен алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0