Бишкекте дагы эки жаңы парк курулат. Көрүнүшү видеодо

Жазылуу
Бишкек мэрия борбор калаанын түштүк тарабына дагы эки сейил бак курууну пландап жатат. Эки долбоордун видео презентациясы жарыяланды.

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев жетекчиликке эки парктын долбоорун презентациялаганын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Биринчиси Түштүк магистралдагы Токтоналиев көчөсүнүн жанына курулат. Бул "Ынтымак" паркынын экинчи этабы болмокчу. Ортого амфитеатр орнотуу пландалууда.

Экинчиси Түштүк магистралдын ылдый жагындагы Айтматов проспектисинде жайгашкан "Ден соолук" паркынын ордуна курулат. Долбоорго ылайык, айланма веложол, футбол талаасы, спорт аянты курулуп, жасалма көлмө ордунда калат.

Мэр Азиз Суракматов долбоорду жарандардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен ишке ашырууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0