Топту тоголото тепкен "Тазалыктын" аял кызматкери. Видео

Жазылуу
Бишкек мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери Лейла Касько футболчулардан кем калбай топ тебет. Ал учурунда Кыргызстандын курама командасында ойногон.

Каськонун топ тээп жаткан учурунда тартылган видеосу "Тазалык" ишканасынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Касько "Тазалык" ишканасында 10 жылдан ашык иштейт. Күн сайын таң эрте Иваницын көчөсүн тазалайт.

Ал немистердин "Бавария" клубун колдой турганын айтып берген.

Буга чейин да "Тазалык" ишканасынын пианинонун коштоосунда ырдап жаткан кызматкерлеринин видеосу социалдык тармактарга чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0