Короого кирбей итти жаткыра сүзгөн кочкор. Видео

Жазылуу
Шотландиялык фермер койлор менен овчарканын бири-бирине тап берип, каршылашып жаткан учурун видеого тартып алган. Анда кочкор итти алгач жапшыра сүзгөндүгүн жана кадимкидей айбат кылып, короого кирбей жаткандыгын көрүүгө болот.

Окуя Шотландиянын Локерби аймагында болгондугун Daily Mail жазды.

Видео YouTube каналына жарыяланды.

Собака. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнгөнүнөн так секирген ит интернет жылдызы болду. Видео
Кой менен кочкор короого киргиси келбей, итке тап берип, бири буту менен жерди бир тепсе, экинчиси сүзүп жибергенге үлгүргөн. Ал эми овчарка жерге жата калып, экөөнү улам артка жылдырып, киргизгенге аракет кылууда.

Канчалык каршылык көрсөткөнү менен ача туяктуу бул эки жаныбар иттин башкаруусунда калып, кетенчиктеп отуруп болсо да короого киргенге аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0