Путин маянасынын жарымын Египеттин президентине берерин айтып тамаша кылды. Видео

Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин тамаша иретинде маянасынын жарымын Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сисиге берерин айтты.

Путин Египеттин башчысына 23-24-октябрда Сочи шаарында өткөн "Россия — Африка" саммитин өткөрүүгө жардамдашканы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Өзүңөр байкап тургандай, бир күн бою ал (Египеттин президенти – ред.) менин жанымда жардам берип отурат. Эми мен ага маянамдын жарымын беришим керек, анткени ал милдеттеримдин жарымын аткарды. Сизге чоң рахмат", — деди Путин.

Жооп иретинде Египеттин президенти жылмайып гана тим болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0