Сооронбай Жээнбеков Японияга кадимки каттам менен учуп барды. Видео

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков 21-октябрда иш сапары менен Токио шаарына барды. Ал Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат.

Иш сапардын алкагында Жээнбековдун Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Мындан тышкары, Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана ал жакта жашаган кыргызстандыктар менен жолугушат.

Видеодон Жээнбеков кадимки каттам менен учуп келгенин көрүүгө болот. Президенттин маалымат кызматы аны ырастады.

Баса, колумнист Бегимай Бакашеванын бүк түшкөн кыргыз авиациясынын абалы тууралуу арман кебин окуп коюңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0