Уул керек! 21 жолу төрөгөн аял кайрадан боюна бүтүп калгандыгын сүйүнчүлөдү. Видео

Жазылуу
44 жаштагы эне бул жолу эркек балалуу болгусу келип жаткандыгын айткан. Эгер анын каалоосу ишке ашса, 11 уул, 11 кыздуу болмокчу. 

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Улуу Британиядагы эң чоң үй-бүлөнүн энеси Сью Рэдфорда 22-чүрпөсүн күтүп жатат. Бул тууралуу көп балалуу аял өзүнүн YouTube каналынан кабарлады.  

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индияда 75 жаштагы кемпир көз жарды. Сүрөт
Кош бойлуу аял интернет колдонуучуларга УЗИ кагазын көрсөттү. Өзүнүн айтымында, боюна бүткөнүнө төрт айга чукулдады. 44 жаштагы эне бул сапар уул төрөгүсү келип жатыптыр. Эгер анын каалоосу ишке ашса, 22 бир туугандын 11и уул, 11и кыз болот.

Эң кызыгы, көп балалуу эне былтыр эле мындан ары төрөбөйм деп убада бериптир.

Жаңылыктар түрмөгү
0