19:16 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Видео

Тойдум шаарыңа! Тоо боорундагы айылга келип иш баштаган грузин кыздын видеосу

Кыскача шилтеме алуу
127801
© Sputnik / Anna Anastasiadi, Vladimir Umikashvili, Shota Nozadze

Грузиялык 23 жаштагы кыз шаардын (Тблиси) жашоосуна кол шилтеп, качандыр бир кезде ата-бабасы жашаган айылга көчүп келген.

Каарманыбыз Лика Миракишвили Грузиянын борборунан таптакыр кол үзүп, Тотиге деп аталган кыштакка келип, ишин баштады деп жазды Sputnik Грузия.

Ээн калган айыл деңиз деңгээлинен 1856 метр бийиктикте жайгашкан. Борбор калаадан үч саатта автоунаа менен белгиленген чекке чейин жетип, андан ары ат же эшек менен төрт чакырым жол басууга туура келет. Эгер айтылган унаалар тең жок болсо, эки бутка күч келет.

Тоо арасындагы айылда электр жарыгы да, интернет да жок. Лика жети миң доллар грант тапкан. Ага эки чакан жыгач үй тургузуп, күндүн нурунан электр жарыгын алып, оокатын баштаган. Суу мөлтүр кашка булактан келет. Тыпыйган үйлөр болсо туристтер үчүн салынган. Айылдын жанында атактуу Гергет монастры жайгашкан. Анткен менен ал жайга кызыгып, көрүүгө жана сыйынууга келгендердин аягы суубайт. Демек, шаардык кыз үчүн киреше булагы болгон жалгыз гана туризм тармагы болуп турат. 

Лика туризм менен айылга жан кирип, жашоочулар кайта баштайт деген үмүттө.

Айтмакчы, Кыргызстанда да жаратылышка жакын жашаган адам тууралуу Sputnik Кыргызстан видео материал даярдаган.

Тема боюнча

Үңкүрдө жашаган киши. Арсланбобго бараткан жолдо тартылган видео
Белгилер:
кыз, туризм, айыл, Грузия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ