Ташкенттин мындай "жомогун" эч ким көрө элек болчу! Бийлеген фонтандын видеосу

Жазылуу
Башкы кооздук лазер менен башкарылган музыкалык эң ири фонтан болду. Аны кытайлык компания даярдап, иштеп чыгып жана орнотуп берген.

Оргума 1,5 гектарга жайгашкан жасалма көлдүн аймагынан орун алган. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Сигвей менен шаар кыдырган кыздар. Ташкентте туристтик полиция ишке киришти - Sputnik Кыргызстан
Сигвей менен шаар кыдырган кыздар. Ташкентте туристтик полиция ишке киришти
Жомоктогудай парк, Tashkent City деп аталган эл аралык ишкердик борбор мындан бир апта мурда ачылган. Эми бул жай улам бир жаңы кооздуктары, жаңы технологияларды колдонуп жасалган долбоорлору менен келгендерди таңгалдырып жаткан чагы.

Жасалма көлдөгү фонтан асманга атылганда бийиктиги 60 метрге жете турганы айтылды. Түндө ага 600 прожектор жана лазердик жабдуулар жарык берип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0