06:40 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Видео

Ылай, муз жана мелтиреген суу. Адамдарды суу басып калган жердеги видео

Кыскача шилтеме алуу
1947 0 0
Facebook/ МЧС России

Асмандан тартылган видеодон суу каптап, катуу агымдын алдында калган эбегейсиз аймакты, иштеп жаткан техникаларды, ылай баскан жерлерди көрүүгө болот.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Красноярск крайындагы дамба жырылып, суу каптаган аймактардын бийиктиктен тартылган видеосун жарыялады. Дамбаны алып кеткен толкундун бийиктиги 4-5 метрге жетип, өзү менен кошо ылай, таш жана агындыларды агызып келген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Анда суу каптап, катуу агымдын алдында калган эбегейсиз аймакты, иштеп жаткан техникаларды, ылай басып калган жерлерди көрүүгө болот. 

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кырсык 19-октябрда Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 05:00дө болгон. Анда эки жатакана суу алдында калган. Алардын ар биринде 80дей адам болушу мүмкүндүгү айтылган. Плотинанын жырылышынан 13 адам каза болуп, 44 киши жабыркаган, 15и дайынсыз болгону кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, плотинанын эскилиги жеткендиктен иштен чыккан.

Азырынча алты кишинин тагдыры белгисиз бойдон калууда. Куткаруучулар аларды издеп жатышат.

Тергөө комитети ишти алып барууда техникалык коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн кылмыш ишин козгогон. Жергиликтүү бийликтин айтымына караганда, дамба "Сибзолото" холдингине таандык. Маалыматтарда анткен менен бул объектинин эч жерден каттоодон өтпөгөндүгү жана бардык эрежелерди бузуп өз алдынча курулганы айтылууда.

Бул трагедиядан улам, 21-октябрь,  дүйшөмбү —Красноярск аймагында аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Тема боюнча

Россияда жырылган плотинадан жабыркаган кыргызстандыктар барбы? Элчиликтин жообу
Россияда жырылган дамба. Жоголгон 13 кишинин жетөө тирүү табылды
Белгилер:
кырсык, жарылуу, дамба, Красноярск, Россия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ