"Жеңиш" паркындагы күздүн керемети. Асмандан тартылган видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстандын оператору Түштүк дарбазанын ("Жеңиш" паркы) үстүнөн дрон учуруп, күзгү көрүнүшүн тартып келди.

Жазында жапжашыл болуп айланага көрк берген Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркындагы бактардын жалбыргы саргайып, алтын күздүн кереметин чагылдырууда. Бул эс алуу багына сейилдөөгө келген тургундардын аягы суюлбайт. Абасы таза, тынч, жайкысын салкын болуп турат.

Бул жылы октябрдын ортосунда күн жылуу болду. Бирок былтыр ушул убакта кар жаап, суук түшүп кеткен болчу.

Жылуу аба ырайы шаардыктарга күздөгү пейзажды көрүп, ырахат алууга шарт түзөт. Синоптиктер алдыдагы эс алуу күндөрү жаан жаабай турганын айтып, абанын температурасы 20-23 градус жылуу болорун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0