Ажалы жок экен. Крокодилдин азуусунан кутулуп кеткен антилопанын видеосу

Жазылуу
Австралиялык Крис Брей дарыяны кесип өтүп бараткан гну антилопасынын крокодилден аман калганын видеого тартып алган. 36 жаштагы фотографтын айтымында, бул окуя Кениянын Масаи-Мара жаратылыш паркында болгон.

Чоң крокодил дарыяны кесип өтүп жаткан гну антилопасынын үйүрүн суудан аңдып туруп, оозуна жакын келгенин тиштөөгө аракет кылган. Бирок антилопа анын азуусуна илинбей буйтап кетүүгө үлгүргөн.

Брей антилопанын үйүрү Танзания менен Кениянын аймагын бөлүп турган Мара дарыясын кечип өткөн.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0