АКШда өзгөчө боз үй куруп жашап жаткан жубайлар таң калтырды. Видео

Жазылуу
АКШнын Портленд шаарында Зак Боф жана Николь Лопез аттуу жубайлар боз үй формасында үй салып, жашап жатышат.

Түгөйлөр Bored Panda басылмасына курган маегинде, шаар сыртына көчүп барып адаттагыдай тамдын ордуна көчмөндөрүн боз үйүн салууну чечишкенин айткан. Бирок алар турагын кыргыздар менен монголдорго окшоп көчүп-конууга ылайыкташкан эмес, төрт мезгилде тең жашай турган кылып курган.

Үйдүн жалпы аянты 86,3 чарчы метрди түзөт. Анын ичинде 18,5 чарчы метрлик уктоочу бөлмөсү да бар.

"Бул биздин курулуш жаатындагы биринчи тажрыйбабыз. Суу түтүктөрү, электр энергиясы, пол, дубал деген нерселер менен мурда-кийин алектенген эмеспиз. Сөөгүн (кереге, ууктарын — ред.) досторум менен бирге орноттук. Алардын көбү буга чейин бир мык кагып көрбөгөн адамдар. Биз үчүн пайдубалын тургузуу кыйынчылык жаратты. Ага 4,5 тонна цемент кетип, бир нече жума жүрдүк. Каркасын тургузууга 3-4 күн кетти. Андыктан мындай үйдү куруу өтө деле оор эместигине ишендире алам", — деп айткан үй ээси.

Боз үй куруу идеясы жаралгандан тартып жубайлар көчүп келгенге чейин бир жыл өткөн. Бирок Зак үйдү курууга анча көп деле убакыт кетпегенин айтат.

Ошондой эле алар ушундай боз үй салууга кызыккандар үчүн бардык маалыматты атайын сайтка жарыялап коюшкан.

Мындай өзгөчө боз үйдү курууга баш-аягы 65 миң доллар кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0