Үйдүн алдында уктап жаткан дөбөттү кекиртектеп сүйрөп кеткен кабылан. Видео

Жазылуу
Индиянын Шимла шаарында кабыландын уктап жаткан дөбөт итке кол салып, аны кокосунан тиштеп кеткен учуру видеого түшүп калган.

Окуянын видеосун Khabar Himichal телеканалы көрсөттү.

Кабылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гепард, леопард, пантера... Жырткычтардын кыргызчасын атап беребиз
Анда кабылан үйдүн эшигинин алдында уктап жаткан итке акырын келип, көпкө чейин аңдып туруп кол салганын көрүүгө болот. Жырткыч алгач итти желкесинен тиштеп, кийин алышып жатып кекиртектен алып, ошол боюнча тепкичтерден ылдый сүйрөп кеткен.

Бул убакта үйдүн ээси сыртка чуркап чыгып, итин аман алып калганы айтылат.

Аталган райондун тургундары буга чейин да кабылан айыл аралап, короодогу уйларга кол салганын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0