21:37 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Видео

Айга-буйга келтирбей көтөрүп чапты! Кечиккен жүргүнчүнүн жаалданган видеосу

Кыскача шилтеме алуу
17993 0 0

Москвадагы Шереметьево аэропортунда рейске кечигип калган жүргүнчү аба майдандын көзөмөл өткөрүү жайындагы буюм-тайымдарды бир нече секундада талкалап жибергенге үлгүргөн. Бул туурасында РЕН ТВ каналы жазды.

Окуянын видеосу Airport Sheremetyevo YouTube каналына жарыяланды.

Жүргүнчүнүн жаалы келип, буюм-тайымдарды талкалап жерге чачкан тентектиги Шереметьевонун В терминалында болгондугу айтылды. Окуянын каарманы рейске кечигип калгандыктан, көзөмөлдөн өткөрүүчү кызматкерлер перронго киргизбей коюшкан.

Кадрдан анын жаалданып, отургучтарды, тосмо темирлерди тепкилеп, техникаларды столдон алып жерге ыргытып жаткандыгын көрүүгө болот.

Бир нече мүнөттөн кийин жетип келген коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жүргүнчүнү алгач тынчтандырууга аракет кылып, бирок берки кеп-сөзгө келбей койгондо жерге көтөрүп чаап, кармагандыгын көрүүгө болот.

Телеканал Шереметьево аэропортунун администрациясы менен байланышып, жаалданган жүргүнчүнүн кийинки тагдырына кызыккан. Алар учпай калган ал жаран тиешелүү жерге жеткирилип, административдик протокол түзүлөрүн айтып беришкен.

Тема боюнча

Кытайда стюардесса жигити учактан колун сурагандыгы үчүн иштен алынды
Белгилер:
рейс, жүргүнчү, "Шереметьево" аба майданы, Россия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ