Арстандын күчүгү энесинин жанын чыгарганда. Күлкүлүү видео

Жазылуу
Социалдык тармактарга жакында эле эки айлык күчүгү эне-арстанды капыстан катуу коркуткан видео тарап, көптөрдүн жылмаюусун жаратты.

Жөн эле жаткан... Күтүлбөгөн жерден жылгаяк тепкен арстандын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жөн эле жаткан... Күтүлбөгөн жерден жылгаяк тепкен арстандын видеосу
RT ресурсу окуянын Эдинбургдагы зоопаркта болгондугун кабарлады. Акырын жылып келип, алдыңкы колдорун энесине абайлап тийгизип, "кол салган". Чочуп кеткен энеси жаткан жеринен секирип туруп, башка балдарын көздөй кеткендигин көрүүгө болот.

Ал эми баласы энесинин капыстан ырылдап жибергенинен коркуп кеттиби, айтор, артка кетенчиктеп туруп калган.

Ал социалдык тармактын колдонуучуларынын жүрөгүн элжиреткен ойноок, кичинекей каарман болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0