Даниянын премьеринин доклады парламентти кыраан-каткы күлкүгө салды. Видео

Жазылуу
Премьер өкмөттүн цирк жаныбарларын сатып алганы боюнча айтып берген. Ал өкмөт төрт пилди сатып алганын, бирок алардын бирөө Али аттуу төө менен ынак болуп калгандыктан жаныбарларды айырбоо үчүн төөнү да сатып алууга туура келгенин билдирген.

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен парламентте доклад окуп жатып парламентти күлкүгө салды. Бул тууралуу Denmarks Radio басылмасы жазды.

Зеленский трибунада сүйлөп жаткан Лукашенкону чочутту. Видео - Sputnik Кыргызстан
Зеленский трибунада сүйлөп жаткан Лукашенкону чочутту. Видео
Премьер өкмөттүн цирк жаныбарларын сатып алганы боюнча айтып берген. Ал өкмөт төрт пилди сатып алганын, бирок алардын бирөө Али аттуу төө менен ынак болуп калгандыктан жаныбарларды айырбоо үчүн төөнү да сатып алууга туура келгенин билдирген.

Бул окуяны айтып жатып Фредериксен күлкүсүн тыя албай койгон. Отчётту угуп жаткан парламентарийлердин баары күлүшкөн. Өкмөт башчы жаныбарларды сатып алуу идеясын колдогон депутаттарга ыраазычылык билдирди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0