Чочуганынан чакчая карады. Унаага кирген ууру видеого тартылып калган

Жазылуу
АКШдагы унаанын видеокаттагычы жарык берген учурда ичиндеги уурунун көзү чакчайып кеткени тартылып калган. Видео интернет колдонуучуларды күлкүгө салды.

ABC Chicago басылмасы билдиргендей, Орегон штатынын Бивертон шаарынын тургуну жакында эле уурунун торуна илинген. Бирок унаасына ким киргенин кыймыл-аракетке жооп кылган видеокаттагычтын жардамы менен биле алган.

Камеранын жарыгы кылмышкер унаага киргенде 10 секунддан кийин күйгөн. Бала чочуганынан видеокаттагычты чакчая тиктеп туруп калган.

Учурда кишини полиция издеп жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0