Калпакты баса кийип, каршылашын тике карады. "Тайсондун" Грозныйдагы видеосу

Жазылуу
"Тайсон" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков ACA (Absolute Championship Akhmat. — ред) турниринин алдында атаандашы менен көз караштар таймашын өткөрдү.

Видео уюмдун YouTube каналына жүктөлдү.

Боец смешанных единоборств Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы
Беттеш бүгүн, 4-октябрда, Чеченстандын борбору Грозный шаарында болмокчу. Мелдештин алкагында Келдибеков 61 килограмм салмакта жергиликтүү спортчу Дукваха Астамиров менен кармашат.

Белгилей кетсек, кыргызстандык мушкер үчүн бул маанилүү мелдеш. Себеби анын "Ахмат" уюму менен түзгөн келишими ушуну менен аяктайт. Эгер атаандашын жеңсе, жаңы келишимге кол кое алат.

"Тайсон" ACA уюмунда соңку ирет ушул жылдын 26-январында беттешип, чеченстандык Хусейн Шайхаевге калыстардын чечими менен утулуп калган. Ал ММА боюнча 12 беттешти утуп, төрт ирет жеңилген

Ал эми кезектеги атаандашы Дукваха Астамиров аралаш мушташ боюнча төрт беттешти утуп, эки ирет жеңилген

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0