Жол кырсыгында ӨКМ кызматкерлери кантип жардам берет? Видео

Жазылуу
Бүгүн, 3-октябрда, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Бишкек шаарында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

ӨКМден кабарлашкандай, ага өздүк курам, бийлик өкүлдөрү, шаардыктар, мектеп окуучулары, эл аралык уюмдар жана Жарандык коргонуу кызматтары катышкан.

"Иш-чара салтанаттуу жөө жүрүштөн башталды. ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын өздүк курамы келгендерге куткаруу шаймандарын, техникаларды, жол кырсыгында биринчи медициналык жардам берүүнү жана башка кырдаалдагы учурларды көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле иш-чара концерт менен коштолгон.

Эскерте кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен 5-сентябрдан 5-октябрга чейин бир ай бою активдүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0