Си Цзиньпин этникалык кыргыз аялга мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Видео

Жазылуу
Кытайдын төрагасы КЭРдин түзүлгөнүнө 70 жыл толушунун урматына этникалык кыргыз Бурмакан Молдого мамлекеттик сыйлык тапшырган.

Салтанаттуу азем өткөн жекшемби күнү, 29-сентябрда, Пекинде Элдик жыйын үйүндө өткөн. Иш-чараны CGTN телеканалы түз алып берген.

Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна караштуу Улуу-Чат айылынын тургуну улуттук коргоого кошкон салымы үчүн сыйланган.

"50 жыл бою Бурмакан Кытайдын чек арачыларына 4000 метр бийиктикте жайгашкан мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин көзөмөлдөөгө жардам берип келген. Кийинчерээк бул ишке айылдын баарын тарта алган. Улуттук коргоо жаатына чоң салым кошту", — деп айтылат видеодо.

Крупнейший в истории военный парад провел Китай по случаю 70-летия. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кытай 70 жылдыгына карата тарыхтагы ири аскерий парад өткөрдү. Видео
Sputnik редакциясы Бурмакан апа 1942-жылы жарыкка келгенин аныктап чыкты. 1960-жылдардын башында мамлекеттик чек аранын ал убакта тактала элек жерлерин карап, көзөмөлдөй баштаган. 19 жашында баштаган ишин турмушка чыккандан кийин да уланткан. 24 жашка чыкканда Кытайдын Кызыл-Суу — Кыргыз автономиялуу округунун чегинде ыктыярчылардын алгачкы тобун түзгөн.

Бурмакан Молдону сыйлоо боюнча Жарлыкка Си Цзиньпин 17-сентябрда кол койгон.

Жогорку мамлекеттик сыйлыктар 42 кытайлык жана чет элдик лауреаттарга тапшырылды. Наам алган чет элдиктердин арасында Куба Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Рауль Кастро, Таиланддын ханбийкеси Сириндхорн, танзаниялык саясатчы жана дипломат Салим Ахмед Салим, Франциянын мурунку премьер-министри Жан-Пьер Раффарен жана Пекин чет тилдер университетинин ардактуу профессору Изабель Крук бар.

Сыйлык тапшыруу салтанатында Цзиньпин куттуктоо сөзүн сүйлөп, урматын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0